Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, РИИБге шаар тургуну кайрылып, 11-апрель күнү болжол менен саат 18:00дө Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлордун биринде 2 даана уюлдук телефонун уурдатканын айтып арызданган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган.