Биз социалдык тармакта

Бишкекте 22 жаштагы кызды белгисиз тарапка уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 17-апрелде милицияга Коммунаров көчөсүндөгү тигүү цехинин жанынан кызды уурдап кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Анда чала тааныш жигит 22 жаштагы Т.З аттуу жаранды ала качып кеткени аныкталган. Шектүү кызды Хонда S-MX унаасы менен белгисиз тарапка алып кеткен.

"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу максатында адамды ала качуу") боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалды", - деп билдиришти райондук милициядан.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан