Чек арачылар дөңгөлөккө атып токтотту. Баткенде контрабандалык жүк кармалды (фото)

Баткенде чек арачылар чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүнү токтотушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Баткен районунун Өрүк-Зар тилкесинде чек арачылар кызмат учурунда Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унааны байкашкан. Алар айдоочуга токтотуу буйругун бергенде айдоочу качып кетүүгө аракет кылган.

"Чек арачылар унааны токтотуу үчүн куралын колдонуп, эки жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Унаа токтогон эмес, андан кийин чек арачылар жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүн эки жолу атууга аргасыз болушкан. Айдоочу токтогондон кийин текшерүү учурунда унаадан 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 миң 620 суусундук, 10 килограмм кыям табылган. Жүктүн жалпы салмагы 1 жарым тоннадан ашык болгон", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган айдоочу 33 жаштагы У.К. аттуу Кыргыз жараны болгон. Айдоочу сатуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда айдоочунун жанында товарга тиешелүү документтери болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан