Ырчы Съездбек Искеналиев кыздуу болду

Бүгүн, эртең менен ырчы Съездбек Искеналиев кыздуу болду. Ырчы мырзанын айтымында, келинчеги Жаркынай аман-эсен көз жарып, учурда акыбалы жакшы.

“Кубанычыбызда чек жок. Өзгөчө кызым менен балам аябай сүйүнүп жатышат. Бир-эки күндөн соң үйгө чыгарып кетебиз. Азырынча кызыма ат тандай элекпиз. Таякелерине койдурсакпы деп жатабыз”,- деди кубанычы менен тең бөлүшкөн ырчы мырза.   

Айта кетсек, бул ымыркай Съездбек Искеналиевдин үчүнчү чүрпөсү. Анын Даткайым аттуу кызы жана Байэмир аттуу уулу бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bagysh
2013-11-27 18:18:18
Бешик боонор бек болсун.Ден-соолугу чын болсун.Наристенер ак жолтой жубайыныз экоонор сыймыктанган.Съездбектин кызы деген жузу жарык.Боорукер кыздардан болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан