Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
Азия чемпиондугуна 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетип, финалда казакстандык Мадина Бакбергенова аттуу балбан кыз менен кез келди.
Биринчи бөлүктө калыс казакстандык балбан активдүү күрөшпөгөнү үчүн Мээрим Жуманазаровага бир упай берди.
Экинчи бөлүктө атаандаш активдүү болбогону үчүн кыргыз балбанына дагы бир упай берилди. калыстар кайра казакстандык балбан кызга бир упай берип, ал Мээрим Жуманазарованы килемден түртүп чыгып дагы бир упай алды.
Беттеш бүтөрүнө акыркы секундалар калганда Мээрим Жуманазарова атаандашынын артына өтүп, 2 упай алган. Бирок казакстандык машыктыруучу челленж баскычын баскандан кийин калыстар кайра видео кайталоодон көрүп, кыргыз балбанына упай берген жок.
Жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова 3:2 эсебинде жеңилип, Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.
Мээрим Жуманазарова ушул эле балбанды бүгүн өткөн биринчи беттешинде 5:0 эсебинде жеңген.
Мээрим Жуманазарова былтыр Алматы шаарында өткөн Азия чемпиондугунда чемпион аталган.