SUPER.KG порталы белгилүүлөрдүн бала чагын, жаштыгын эске салган сүрөттөр менен тааныштырууну улантат. Бул жолу "Фотоальбом" рубрикабыздын каарманы ырчы Райхан Абдувалиева болмокчу.
Райхан Абдувалиева 1963-жылы 21-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Караван айылында туулган. 6 жашынан тарта комузда кол ойнотуп, 8 жашында чоң күүлөрдү ойноп калган. Музыкалык мектепти аяктагандан кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун комуз бөлүмүндө окуган.
К.Орозов атындагы оркестрда комуз чертип эмгектенип баштаган. Алгач Сагынбек Момбеков менен биргеликте гитара менен "Кадыр түн", "Сүйүү вальсы", "Периштем" ырларды аткарып элге таанылган. 1997-жылдан тартып "Периште" ырчылар тобун жетектеген.
Ырчы 2011-жылы Маданияттын мыкты кызматкери наамын алган.