Ысык-Атада бычакталган жаран ооруканага түштү. Шектүү СИЗО-1ге камакка алынды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Облустук милиция башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынды.

Маалым болгондой, 17-апрелде Ысык-Ата РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү кабарланган. Жерине ыкчам тобу барып, жабырлануучу 1985-жылы туулган Б.А. экенин аныкташты.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 37-122 берене (киши өлтүрүгө аракет кылуу) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары 1994-жылы туулган Б.М. колго түшүрүлдү. Окуя шектүү менен жабырлануучунун ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккандыгы такталды.

Шектүү Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Иштин жагдайына ылайык, экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан