Аламүдүн районунда мыйзамсыз жерди басып алууга шектүү жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда башка бирөөнүн жерин басып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришет.

Ага ылайык, милицияга апрель айында А.С аттуу жеке ишкер, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан өзүнүн мекемесине тиешелүү жер тилкесин өзүм билемдик менен басып алган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы максаттуу багытты бузуу менен өз алдынча курулуш куруу" кылмыштын белгилери менен катталган.

Кылмышка шектелип 1972-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга да катыштыгы текшерүүгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан