Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарованы жеңип алган казакстандык Мадина Бакбергенова жеңиши тууралуу билдирүү жасады.
Анын айтымында ал Азия чемпиондугундагы бардык атаандаштарын изилдеп чыккан.
"Биз койгон максатыбызга жете алдык. Мен жакшы формадамын. Биз Монголияда эки жума машыгуу сборунда даярдандык. Ар бир атаандашты изилдеп, даярдандык. Машыктыруучу мага ар бир беттеште тактиканы койду. Мен аракет кылып, баарын туура кылдым. Эми муну менен токтоп калбаш керек. Алдыда дагы чоң максаттар бар, мен аларга жакшы даярданууну пландап жатам", - деди Мадина Бакбергенова.
Кечээ, 21-апрелде өткөн финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова Мадина Бакбергеновага 3:2 эсебинде жеңилип калган. Кыргыз балбан кызы финалда жеңилип калган дал ушул казакстандык балбанды алгачкы беттешинде 5:0 эсебинде жеңип алган.