Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта жарым финалга чыкты.
Кыргыз балбаны алгачкы беттешин 1/4 финалда баштап, анда монголиялык балбан менен кез келип, 7:3 эсебинде жеңип алды. Муну менен Тыныбекова Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Жарым финалда кыргыз балбан кызы өзбекстандык Набира Эсенбаева менен кез келет.