Бир ай изделген. Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жашар баланын жансыз денеси табылды

Нарында март айынан изделип жаткан 8 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымадашты.

Белгилүү болгондой, куткаруучуларга 21-апрель күнү саат 19:50 чамасында Эмгек-Талаа айылынан өткөн Нарын дарыясынын жээгинде адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине 4 куткаруучу тартылып, жаш баланын жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жансыз денеси табылган бала 2022-жылдын 7-март күнү Орто-Нура айылынан өткөн Нарын дарыясына түшүп кетип дайынсыз болуп, куткаруучулар тарабынан 5-апрель күнүнө чейин изделген. Баланын аты-жөнү туугандары тарабынан тастыкталган", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан