2 жыл мурда оор кылмыш жасап, издөөдө жүргөн Өзбек жараны Чүйдөн кармалды

Өз өлкөсүндө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран адам өлтүрүүгө айыпталууда.

Маалыматка караганда, 1999-жылы туулган Б.С`га Өзбекстандын Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы "атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча издөө жарыялаган.

"Ал 2020-жылдын февраль айында пикир келишпестиктен улам жергиликтүү тургунга бычак сайып, анын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

Кийин шектүү оор кылмыш жасагандан кийин изин жашырып Кыргызстандын аймагына качып кеткени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Өзбекстандын жаранын кармашты. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан