Улан-Батор: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова өзбекстандык Набира Эсенбаева менен кез келди.

Биринчи бөлүктө айсулуу тыныбекова атаандашынын артына өтүп 2 упай алып, тушеге басты. Кыргыз балбан кызы атаандашы дээрлик 30 секунддай далысын жерге басып жаткандан кийин гана калыстар күрөштү токтотту.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда финалга чыкты. Финалда Айсулуу Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен кез келет.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан