Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Эдил Байсалов Социалдык фонддун райондук башкармалыктарынын иши менен таанышып, ошондой эле облустун активи менен жолугушту. Анда пландаштырылып жаткан пенсиялык реформа тууралуу кеңири токтолгон.
Эдил Байсалов белгилегендей, реформанын алкагында бир катар олуттуу өзгөрүүлөр пландаштырылууда, бул өз кезегинде коомдо түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн. Ошого карабастан, бардык өзгөртүүлөр жарандарыбыздын пенсиясын жогорулатууга жана аны адилет бөлүштүрүүгө гана багытталган.
Андан соң ал социалдык фонд тарабынан пенсиялык реформаны талкуулоо боюнча уюштурулган тегерек столго катышкан.
Тегерек столго бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бюджеттик тармактын кызматкерлери жана ишкерлер катышып, анда пенсиялык тутумдагы пландаштырылып жаткан бардык өзгөртүүлөр боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
"Биздин пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн. Аны оңдоого убакыт келди. Пенсионерлерге татыктуу карылыкты камсыз кылышыбыз керек. Биригүү аркылуу алдыдагы өзгөрүүлөр эмнеге багытталганын ар бир жаранга түшүндүрүү зарыл. Бул жеңил болбойт, бирок бизде саясий эрк жана келечекте татыктуу пенсия алуу үчүн ай сайын эмгек акысынын бир бөлүгүн которуп турган жарандардын колдоосу бар", - деген Эдил Байсалов.