Жалпы суммасы 118 миң сомду түзгөн зер буюмдарды уурдоого шектүү 2 айга камакка алынды

Бишкекте зер буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалды. Ленин РИИБдин маалыматына ылайык, уурулук фактысы чаламандын чак түшүндө болгон.

19-апрелде шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, үйүнөн зер буюмдарын уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анда ошол эле күнү саат 14:00 чамасында белгисиз адамдар терезе аркылуу үйгө кирип алтын, күмүштөрүн уурдап кеткен. Муну менен арыз ээсине 118 миң 825 сом зыян келтирилген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Териштирүү иштеринин алкагында шектүү 1982-жылы туулган Т.Ш. экени аныкталып, кармалган. Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары улантылып, кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар, жогу такталууда", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан