Мамлекеттик салык кызматы карызы бар 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусун чектеди. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 535 киши 2022-жылдын 1-апрелине карата салык карызы бар деп таанылган.
"Мындан тышкары сот департаментине 1128 салык төлөөчүгө карата материалдар чыгууга чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, Салык кодексинин ченемдерине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата бир катар чектөө чаралары колдонулууда.
Тагыраагы, Салык кызматы салык карызы 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) ашкан жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү тапшырылган учурдан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин өлкөдөн чыгууга чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу", - дешет мекемеден.
Мамлекеттик салык кызматы менен Сот департаментинин ортосунда аткаруу документтери менен иш алып баруудагы өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык, салык карызын өндүрүү боюнча материалдарынын негизинде мүлктү камакка алуу, чыгууга тыюу салуу, ошондой эле башка алдын алуу иш-аракеттери түрүндө чектөө чаралары көрүлөт.
Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык суммада таанылган салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат.