"Финалда Айсулуу менен кез келишим керек". Айсулуу Тыныбекованын финалдагы атаандашы ким?

Бүгүн, 22-апрелде Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштаган Айсулуу Тыныбекова монголиялык балбанды 7:3 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Финалда Айсулуу Тыныбекова кадеттер арасында 2018-жылы Азия чемпиону, 2018 жана 2019-жылдары кадеттер арасында Дүйнө чемпиону, 2021-жылдагы дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси япониялык Нонока Озаки менен кез келет.

Эки балбан кыз бири-бири менен буга чейин бир жолу күрөшкөн. 2021-жылы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыгуу үчүн болгон күрөштө Айсулуу Тыныбекова япониялык балбанды жеңген. Ошого карабастан финал оңой болбойт. Анткени буга чейинки эки атаандашын тең япониялык балбан 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

"Мен ага жеңилип калгам, бирок мен дайыма Айсулуу Тыныбекова жөнүндө ойлобойм. Менимче, кандай гана атаандаш болбосун күчтүү болот. Азия чемпиондугундагы алгачкы беттешимде кандай атаандаш туш келет билбейм. Бирок мен финалда Айсулуу Тыныбекова менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алышым керек", - деген Озаки Азия чемпиондугуна даярдык көрүп жаткан маалында.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан