Үстүбүздөгү жылы 4-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада Кыргызстандан чыккан чыгаан шахмат чебери Эрнесто Инаркиевдин байгеси үчүн шахмат боюнча мелдеш уюшулат. Бул тууралуу КРнын шахмат федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул мелдеш ушуну менен 4-ирет өткөрүлүп жатат. Башта ага үйрөнчүк шахматчылар катышып келсе, бул жолу өлкөнүн белгилүү шахмат чеберлери да ат салышат.
Белгилей кетсек, мелдештин жеңүүчүлөрү 10-декабрда аныкталып, тиешелүү сыйлыктарын алышат.