"РСК Банк" Айыл чарбасын каржылоого 1 миллиард 300 миллион сом жеңилдетилген насыя берди. Кайсы облустарга?

Бүгүн, 22-апрелде "РСК Банк" ААК башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиевдин катышуусунда маалымат жыйын өткөрүлүп, анын жүрүшүндө «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) мамлекеттик программасы боюнча иштердин журушү тууралуу сөз болду.

“АЧК-10” алкагында РСК Банк учурда үч багыт боюнча 6% менен жеңилдетилген насыялады берип жатат:

  1. Мал чарбачылыгы;
  2. Өсүмдүк өстүрүү;
  3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.

2022-жылы РСК Банкка 1 миллиард 800 миллион сом бөлүнгөн. 2022-жылдын 22-апрелине карата Банк республика боюнча жалпы суммасы 1 миллирад 337 миллион 869 миң сомго насыяларды берди.

Анын ичинен мал чарбачылыгына 843 миллион 569 миң сом суммасына 1 миң 821 кредит ( 94% өздөштүрүлдү), өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 409 миллион 600 миң сом суммасына 1 миң 37 кредит (91% өздөштүрүлдү), кайра иштетүүгө 84 миллион 700 миң сом суммасына 26 кредит (19% берилген).

Аймактар ​​боюнча алсак, Чүй облусуна 459, Ысык-Көл облусуна 427, Нарын облусуна 220, Талас облусуна 364, Жалал-Абад облусуна 621, Ош облусуна 582, Баткен облусуна 211 насыя берилген.

Мындан тышкары, Акылбек Турдалиев министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №120 буйругуна ылайык, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» (АӨК) долбоору жактырылганын дагы билдирип кетти.

Учурда бул долбоорду баштоо үчүн зарыл болгон РСК Банкты капиталдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Агроөнөр жай комплексин ишке ашыруу каражаттар келип түшкөндөн кийин башталат. Банк аталган долбоордун башталышы жөнүндө кошумча маалымдайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан