Кытайдан чыккан электрондук чылымдарды аткезчилик кылган негизги канал аныкталды (фото)

Кыргыз өлкөсүнө ири өлчөмдөгү электрондук чылымдарды бажы төлөмү жана салык төлөмдөрү жок аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргыз өлкөсүнө алып келип сатуу жана Орусияга аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды.

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон Кыргыз жараны И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны Э.Н.И. кармалды. Алар чет элдик жарандан 50 миң доллар талап кылган деп шектелүүдө.

“Жунхай” базарынан бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген жалпы 200 миң доллардан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылып алынды.

Шектүүлөр УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан