
Кыргыз тарап БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк (ДАП) программасы аркылуу Орусия тарабынан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришет.
Ага ылайык, БУУ ДАП колдогон долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет. Ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы тапшырылат.
Жардам "эмгек ордуна азык-түлүк" долбоорунун катышуучуларына берилет. Ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлмөкчү.
"Сөз болуп жаткан долбоорлорго аз камсыз болгон жарандардын ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, бак-дарактарды отургузууга, жээктерди бекемдөөгө, республика боюнча көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга катышуусу кирет", - деп жазылат министрликтин маалыматында.