Актан Исабаев Япониялык белгилүү ырчылар менен иштешет. Бул туурасында ырчы мырза өзү билдирет.
Анын айтымында, 16-22-ноябрь күндөрү чыгармачылык сапары менен Японияда болуп кайткан. Ал жакта белгилүү ырчы Ми Та Рё жана белгилүү жаз ырчысы Кейко Борджесон менен чогуу иштешүү тууралуу сүйлөшүшкөн.
“Мен Японияга Ми Та Рёнун чакыруусу менен барып келдим. Аны менен Кыргызстанда болуп өткөн “Кийиз дүйнө” фестивалында таанышкан элем. Ал эми Кейко Борджесон менен ошол жакка барганда тааныштым. Кийинки жылдан тарта бирге иштеше баштайбыз. Ошондой эле 2014-жылдын август айында Токио жана Осака шаарларында чыгармачылык концерт берсекпи деп жатабыз”,- дейт Актан Исабаев.