FINCA Банк айымдарга арналган «FINCAйым» аттуу жаңы өзгөчө кредитти иштеп чыкты. Кыргызстандын рыногунда анын аналогу жок жана анын өзгөчөлүгү – эгерде айымдар кредит алып, аны убагында жана график боюнча төлөп турушса, анда Банк аларга жакшы кредиттик таржымалы үчүн төлөнгөн пайыздардын бөлүгүн кэшбэк катары кайтарып берет. Кайтарыла турган пайыздардын суммасы сом менен 28 000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Бул каражаттарды кардар өзү каалагандай колдоно алат. Банк бул акчаны кардардын эсептешүү эсебине которуп, кардарга аны дароо алуу мүмкүнчүлүгүн берет же эгерде кардар ал акчаны банкта калтырып, топтогусу келсе, анда кардардын депозиттик эсебине которот.
«ФИНКА Банк» ЖАКтын башкармасынын Төрагасынын орун басары Назакат Асланова Tazabek басылмасына берген интервьюсунда анын кандай иштей турганы жөнүндө айтып берди.
- Назакат, эмне үчүн Банк атайын айымдар үчүн бул өнүмдү иштеп чыгууну чечти?
- Заманбап айымдар мамлекеттик кызмат болобу же жеке ишкана болобу, жумушка да барууга, аялдык жана энелик күнүмдүк милдеттерин аткарууга да жетишишет. Бул ушунчалык норма болуп калгандыктан коом бул иштердин баарын айкалыштыруу кандай кыйын экенине көңүл бурбай да калды. Биздин айымдар - чыныгы баатырлар. Ошондуктан FINCA Банкта биз айымдарга кам көрүүнү – аларга өздөрүнө керектүү ресурсту берүүнү чечтик.
Биз «FINCAйым» өнүмүн биздин айым-кардарларыбыз менен биргеликте иштеп чыкканыбызга сыймыктанабыз. Биз кардарларыбыз менен баарлашуу учурунда алар акча топтоого мүмкүнчүлүктөрү жок экенин, күрөөнүн жоктугунан ири өлчөмдө кредит ала албай жатышкандарын, ошондой эле аларда өздөрүнө чакан болсо да кандайдыр бир кубаныч тартуулоо үчүн акчалары калбай калаарын көп укканыбыздан улам ушундай өнүмдү иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты. Бул айымдардын психологиясына сиңип калган – баарын үй-бүлөсүнө жана коомго берүү.
Көпчүлүк учурда айымдар өздөрүнө акча короткусу келгенден уялып, өздөрүн күнөөлүү сезишет. Биз мындай мамилени өзгөртүү керек деп ойлойбуз. Айымдар өздөрүнө акча коротконго татыктуу жана аларда финансылык жөлөк катары чогулткан акчалары бар болушу керек.
- Банкта мындай идеяны ким сунуштады?
- Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катарына көбүнчө айымдар кирет. Ошондуктан, айымдар арасында ишкердикти колдоо жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү FINCA Банктын стратегиялык максаттарынын бири болуп саналат. Бул стратегияга ылайык, FINCA Банк айымдардын муктаждыктарына жооп бере турган уникалдуу финансылык өнүмдөрдү сунуштайт. «FINCAйым» өнүмүн иштеп чыгуу бул стратегиянын бир бөлүгү болгон жана бул өнүм дагы биздин айымдардын муктаждыктарына жооп берет деп ишенебиз. Биз укуктарды кеңейтүү биринчи кезекте айымдарга муктаждыктарына жооп бере турган финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүдөн башталышы керек деп эсептейбиз. Айрым учурда пландарды ишке ашыруу үчүн бир аз гана түрткү жетиштүү болот. FINCA Банк өзгөчө пандемиядан кийинки оор мезгилде айымдарга жардам берүүгө кубанычта. Биз айымдардын финансылык абалын бекемдөө бүтүндөй коомдун ийгилиги үчүн чечүүчү мааниге ээ деп эсептейбиз.
«FINCAйым» - бул Кыргызстанда гана эмес, бүткүл КМШ боюнча да уникалдуу өнүм. Биз айымдар өзүн үй-бүлөсүнө жана жумушуна гана арнабастан, өздөрү жөнүндө да кам көрсө дейбиз.
Демек, сиздер бизге-айымдарга өздөрүнө көбүрөөк акча сарптоого мүмкүнчүлүк бересиздерби?
Сарптоо гана эмес, топтоого да! Бул өнүмдүн экинчи өзгөчөлүгү болуп саналат. Банк кредиттин пайыздарынын бөлүгүн кардардын тандоосу боюнча анын эсептешүү эсебине же депозитке кайтарат, эсептешүү эсебинен каражаттарды каалаган убакта алууга болот. Натыйжада, бул сумма акча топтоо үчүн старт болушу мүмкүн, же топтолгон акчага жакшы кошумча болушу мүмкүн.
Кредит боюнча кайтарылган пайыздардын суммасы айымдардын айрым чыгымдарына: кийим-кечекти жаңыртууга, сулуулук салонуна барууга, курбулары менен ресторанга барып, көңүл ачууга жетиштүү болот. Бирок, эгерде айымдарга көбүрөөк акча керек болсо, мисалы, окууга же саякаттоого, анда алар FINCA Банктын белегин депозитке салып, бюджетке зыян келтирбестен, керектүү сумманы топтой алышат.
- Кандайдыр бир чектөөлөр барбы? Айымдар мындай кредитти алуу үчүн кандай тармакта иштеши керек?
Биз кредиттерди тармакка тиешелүүлүгү боюнча бөлгөн жокпуз. Кредитти өзүнүн бизнеси бар же тигүү ишканасында, азык-түлүк дүкөнүндө же уюмда туруктуу жумушу бар ар бир айым ала алат. Бул өнүмдү айырмалап, бөлүп турган дагы бир өзгөчөлүгү – аны алуу үчүн күрөө талап кылынбайт, үчүнчү жактын кепилдиги гана жетиштүү болот. Эреже боюнча, кредиттин 250 миңден ашык суммасына биздин рынокто күрөө талап кылынат.
- Коммерциялык банк үчүн бул адаттан тышкары көрүнүш экен
Ооба, коммерциялык банктын системасы «кредиттер күрөө менен камсыздалышы керек» деген негизде курулган. Бул ар бир финансылык мекеменин коопсуздугу үчүн туура эле практика. Бирок, каалаган эрежеде өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн, туурабы?
Айымдар табиятынан өтө жоопкерчиликтүү болушат, ошондуктан, алар күрөөсүз деле өз милдеттенмелерин жоопкерчилик менен аткараарына күмөн санабайбыз. FINCA Банк бул өнүм иштеген айымдардын мүмкүн болушунча көбүнө, алардын күрөөгө бере турган мүлкү жок болсо да жеткиликтүү болушун каалайт.
- Күрөөсүз кредиттер процедураны бир топ жеңилдетет. Мындай кредитти кантип тез алса болот?
- Мындай кредитти 1 күндүн ичинде алууга болот. Биринчиден, албетте, арыз берүү керек, ал Банк тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде каралат. Айтмакчы, арызды Банктын www.FINCABANK.kg сайтында онлайн режиминде калтырууга болот.
- Ал эми кредитти өз убагында төлөгөн учурда айымдар өзүнө тиешелүү пайыздарды алуу үчүн келиши керекпи?
- Жок, келүүнүн кажети жок. Кайтарып берилүүчү каражаттар кардардын тандоосу боюнча депозиттик же эсептешүү эсебине автоматтык түрдө которулат.
Учурдан пайдаланып, бардык айымдарга кайрылып кетким келет. Кымбаттуу, ажарлуу айымдар! Өзүңүздөрдү баалай билиңиздер, өзүңүздөргө убакыт жана мүмкүнчүлүк табыңыздар. Өзүңүздөргө көңүл буруңуздар. Өзүңүздөрдөгү айымдык сапатты сактаңыздар! Аристотель Онассис айткандай: «Акчанын артынан түшпөө керек – аларды көздөй баруу керек». Биз «FINCAйым» өнүмүн сиздер үчүн иштеп чыктык, аны сөзсүз түрдө колдонуңуздар! Сиздер жакындарыңыздарга кам көрөсүздөр, FINCA Банк сиздерге кам көрөт!
Суроолоруңуздар бар болсо, 0312-440-440/4400 (чалуу акысыз) номерлери аркылуу Банктын адисинен акысыз кеңеш алсаңыздар болот. Ошондой эле, Банктын www.FINCABANK.kg сайтында калькулятордун жардамы менен кредитти эсептеп чыгып, кредит алууга онлайн арыз калтырсаңыздар болот.