11 миң 500 доллар. Жалал-Абадда жасалма акчаны сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды

Жасалма долларды ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишине бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абадда жасалма акчаны сатууга аракет кылып жатканда колго түшүрүлдү.

Маалым болгондой, уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма долларды сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзгөнү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

"21-апрелде Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.М.Ж. 11 миң 500 жасалма долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан