Бишкекте илимпоздордун эл аралык форуму өттү

Бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Дүйнөлүк илим жана ааламдашуу, санариптик трансформация доорундагы заманбап чакырыктар” аттуу эл аралык илимий форуму өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Ал президент Садыр Жапаровдун атынан кайрылууну окуп берди.

“Илимдин кыйрашы, илимий ой жүгүртүүнүн, изилдөөлөргө кызыгуунун, лабораториялар менен изилдөө институттарынын акырындап жоюлуп кетиши жогорудагыдай жагымсыз натыйжага алып келери анык. Ошол үчүн урматтуу илимпоздор, бүгүнкү эл аралык форумду өткөрүү биз үчүн зор мааниге ээ”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Мындан тышкары мамлекет башчысынын сөзүндө бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бир да өлкө туруктуу өнүгүүгө жалгыз жетише албастыгы белгиленет.

Бири-бири менен тыгыз байланышта болгон илим менен билимди өздөштүрүү жана курчап турган дүйнөнү аңдап түшүнүү адам баласына экономикалык, социалдык, экологиялык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди чечүүгө жана айлана-чөйрөгө кам көрүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет. Илим чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу илим менен билимди кеңейтүү үчүн гана эмес, дүйнө элдеринин арасындагы өз ара түшүнүүчүлүк менен тынчтыкка жетишүүсү үчүн да маанилүү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин кайрылуусунда экологиялык маселелер да козголуп, илимий коомчулукту кыраакы болууга, экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алууга активдүү чакырык ташталган.

Силердин алдыңарда турган олуттуу маселе – илим тармагын өнүктүрүү. Ошол эле учурда табиятка терс таасир этүүнүн натыйжасында келип чыкчу экологиялык коркунучтардын алдын алуу, алардан жандуу жаратылышты сактап калуу – андан да орчундуу маселе! Ошондуктан бүгүнкү илимий иш-чаранын түпкү маани-маңызы да дал ушунда турат”, - деп айтылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.

Сүйүнбек Касмамбетов жеке өзүнүн атынан форумдун катышуучуларына жемиштүү иш каалап, алардын эмгектери дүйнөгө өнүгүү алып келерине үмүт артты. Андан соң форумда дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген көрүнүктүү окумуштуулар сөз алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан