Өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бериле турган ун жана майды кайдан алса болот?

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк (ДАП) программасы аркылуу Орусия тарабынан берилген ун жана май айыл өкмөттөрдө таратылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине байланышканыбызда билдиришти.

"ДАП программасы аркылуу келген ун жана май айыл өкмөттөрүндө таратылат. Ал жерлерде атайын комиссия түзүлгөн. Анын негизинде берилет.

"Эмгек азык-түлүк" деген долбоордун алкагында жарандар (ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүдө, бак-дарактарды отургузууда, жээктерди бекемдөө) иштешет. Ага жараша азык-түлүк берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк (ДАП) программасы аркылуу Орусия тарабынан 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майы берилгени жазылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан