Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.

Анда 70 килограмм салмакта килемге чыккан мекендешибиз жарым финалдагы беттеште жергиликтүү Темуулен Энгхтуя аттуу балбан менен күч сынашып, 12-6 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздады.

Ал эми ага чейинки чейрек финалдагы алгачкы беттешинде индиялык балбан Навинди 6-3 эсебинде утуп алган.

Эми ал алтын үчүн болгон күрөштө япониялык Таиши Нарикуни аттуу балбан менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан