Сокулукта 29 жаштагы жаран каракчылыкка шектелип кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришет.

Белгилүү болгондой, милицияга март айында 1993-жылы туулган А.Г. аттуу жаран мурунку күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ал өз кайрылуусунда март айларынын аяк ченинде кечки саат 22:00 чамасында күч колдонуу менен 55 миң сомдон ашык суммадагы эки телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчүн айткан.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Каракчылык" негизинде катталган. Шектүү делип 1993-жылы туулган М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан