Бишкектин Келечек конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 8:55те конуштагы №14 көчөдөгү турак үйдөн өрт чыкканы боюнча маалымат түшкөн. Өрт саат 9:30да чектөөгө алынып, 10:07де толук өчүрүлдү.
Жабыркагандар катталган жок.