Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугу уланууда. Бүгүн, 23-апрелде башталган эркин күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө 2 кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алар: 57 килограмм салмакта ат салышкан Алмаз Сманбеков жана 79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов.
Алмаз Сманбеков турнирдеги жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда кореялык Сун Квон Ким аттуу балбанды 4:1 эсебинде утуп алган. Андан кийин жарым финалда казакстандык Рахат Калжан менен кез келип, 5:6 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Эми ал коло медаль үчүн болгон беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен күч сынашат.
Ал эми Арсалан Будажапов 1/4 финалдык баскычта кореялык Бумгуе Сео аттуу балбанга каршы күрөшүп, 11:0 эсебинде ишенимдүү жеңишти камсыздады. Ошондой эле жарым финалда индиялык Балийан Гоуравга 8:5 эсебинде жеңилип калган. Мекендешибиз коло байге үчүн түркмөнстандык Гурбанмурат Овезбердиев менен кез келет.
Мындан тышкары 70 килограмм салмакта күрөш жүргүзгөн Эрназар Акматалиев финалдык баскычта япониялык Таиши Нарикуни менен алтын медаль үчүн ат салышат.
Ал эми 65 килограмм салмакта намыс талашкан дагы бир балбаныбыз Алибек Осмонов, тилекке каршы, чейрек финалда монголиялык Цогбадрах Цевинсуренге жеңилип калды.