Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга Т.Э. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда Б. аттуу чала таанышы алдамчылык жолу менен чалып алайын деп телефонун жана Эйрподс үлгүсүндөгү кулакчынын алып белгисиз тарапка качып кеткенин айткан. Ошондой эле ага чара көрүүнү суранган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "алдамчылык" негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы убакта шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар, жогу текшерилүүдө.

Жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 700 611-119, 0 702 472-225, 0 556 363-000 же Свердлов РИИБинин нөмөөт бөлүмүнө: 0 312 43-28-15 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан