Баткен облусунда чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү кечинде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы үйлөрдүн биринен чек ара кызматкерлери тарабынан 2250 килограмм селитра жана 2500 килограмм күрүч табылган. Текшерүү учурунда жүк Тажикстандын аймагына өткөрүү үчүн даярдалганы белгилүү болду.
"Мындан сырткары 23-апрелге караган түнү Баткен районунун Дөбө тилкесинде чек арачылар үйлөрдүн биринен 120 коробкага жакын мандарин табышкан.
Ал эми 23-апрель күнү эртең менен Лейлек районунун Ак-Арык тилкесинде чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаа табылды. Текшерүү учурунда Тажикстан аймагына 2000 килограмм селитра алып чыгууга аракет кылганы аныкталып, тийиштүү документтери жок болуп чыкты", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң айдоочу жана баңгизатты мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.