Бишкекте 85 жаштагы Кундузай Дандыбаева дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 1937-жылы туулган Кундузай Дандыбаева дайынсыз болуп изделүүдө.

Свердлов РИИБинин маалыматына ылайык, Кундузай Дандыбаева 22-апрель күнү саат 12:00 чамасында борбор кааладагы Магаданская көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: Бою болжол менен 160-165 сантиметр, көздөрү кара, чачы ак, кыска.

Кийген кийими: Кара-жашыл сызыктары бар халат, көк байпак жана бутунда кызыл шлёпка.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып, билген болсо төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну милиция кызматкерлери суранат: 0 557 11-94-10, 0 704 30-08-43, 0 702 49-88-88 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан