Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунун финалында алган жаракатын көрсөттү. Ал социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап "тойго чейин айыгат" деген тамашалуу билдирүү калтырды.
Эске салсак Айсулуу Тыныбекова Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чейин жетип, жапониялык Нонока Озаки аттуу балбан кыз менен күч сынашкан. Ал беттеште мекендешибиз оор жаракат алгандыгына байланыштуу жеңилүү ызасын тартып, күмүш байгеге ээ болгон.
Көп өтпөй социалдык тармак аркылуу күйөрмандарга кайрылып, финалдык беттештин чечүүчү мүнөтүндө алган жаракаты күрөштү улантууга тоскоол болгонун билдирген.