Азия биринчилиги: Бүгүн 4 кыргыз балбаны килемге чыгат (тизме)

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталуу алдында турат. Бүгүн турнирдин акыркы күнүндө эркин күрөш боюнча беттештер орун алып, анда 4 кыргыз балбаны килемге чыгат.

Алар: 61 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, 74 килограмм салмакта Исламбек Орозбеков, 86 килограмм салмакта Саякбай Усупов жана 92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков.

Балбандардын бардыгы жүрүшүн чейрек финалдан баштайт. Саякбай Усупов алгачкы беттешинде пакистандык Мухаммад Инам менен кез келет. Мирлан Чыныбековдун алгачкы атаандашы индиялык Вики Вики аттуу балбан. Ал эми Улукбек Жолдошбеков менен Ислам Орозбековдун каршылаштары азырынча белгисиз. Алар 1/8 финалдык баскычтан суурулуп чыккан балбандардын бири менен күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан