Азия чемпиондугу: 3 кыргыз балбаны жарым финалга чыкты (тизме)

Кыргыз балбандары Исламбек Орозбеков менен Саякбай Усупов Улан-Батордо өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алгачкы атаандаштарын жеңип, жарым финалга чыгышты.

74 килограмм салмакта күрөш жүргүзгөн Исламбек Орозбеков чейрек финалда түркмөнстандык балбан Атамурат Чарлиевди 9:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңип алды. Эми ал жарым финалда казакстандык Нуркожа Кайпанов менен кез келет.

Ал эми 86 килограмм салмакта Саякбай Усупов чейрек финалда пакистандык Мухаммад Инамды 6:5 эсебинде утуп алды. Ал дагы жарым финалда казакстандык Азамат Даулетбеков менен күч сынашат.

Буга чейин 61 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков да өзбекстандык балбанды жеңип жарым финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан