Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жарым финалында япониялык балбан Рей Хигучиге жеңилип калды.
Тараптардын беттеши 14:4 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады. Эми кыргыз балбаны коло байге үчүн күч сынашат.