ЖЫЛНААМА: "Эң чоң белегим бриллиант шакек болду". Туулган күнүндө тасмага тартылып жаткан Назира Жетигенова 48 жашка толду

Маданияттын мыкты кызматкери, куудул, актриса Назира Жетигенова 48 жашка толду. Ал 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. Эжелери ырдап, бийлеп концерт коюшса, ал балдар менен чүкө ойночу. Тентектиги ашып-ташыган кыз азыр жылдыздуу айым, эне жана кыялы орундалган куудул.

Назира Жетигенова алты бир туугандын бешинчиси. Улуу эжеси Алина Жетигенова менен кошо гастролдоп жүрүп шоу дүйнөсүнө аралашып калганын айтып жүрөт. Бир туугандары аны кичинекей кезинде абдан тентек болгонун айтышкан. Бала кезинде эркектин кийимин кийгенди жакшы көргөн. Аялдарга караганда эркектер менен бат тил табышат. Канча таяк жесе да атасынын мотоциклин короодон дос балдары менен сүйрөп кетмей адаты болгон. 8-классты бүткөн соң медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. 16 жашында турмушка чыгып, 4 жыл жашаган. Бул тууралуу өзү "Эрте күйөөгө чыкканымды жиндилик деп баалайм. Атам мени дарыгер болсо деп тилечү. Бирок ага көнбөй, билим албай калганыма өкүнөм", - деген. Эки агасы оорудан улам кайтыш болгон.

Эки кызы, алты небереси бар. Улуу кызы Айперинин төрт, ал эми кичүү кызы Азизанын эки баласы бар.

Назира Жетигенова Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган. Биринчи жолу 2000-жылы спорт ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан. Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орун­ду алган. Ал Рахман Разыков уюштурган "Бири куудул, бири ырчы, эл - тараза, эл - сынчы" аталышындагы сынак, "Айылдык кыз" деген тамаша аркылуу популярдуу болгонун айтат. Кичинекей кезинде маскарапоз болгусу келгенин айткан куудул бүгүнкү күндө максатына жеткенин белгилеп келет.

Көп кырдуу талант Назира Жетигенова өзүн шоу-бизнестин түрдүү тармагынан көрсөтө алды. "Кылмыш-2" тасмасында тажаал аялдын образын жараткан. Андан кийин "Салам Кыргызстан" шоу программасында телеалпаруучу болду. Мындан тышкары ырчы Дайыр Исмадияров менен "Жеңеке" деген дуэт аткарышкан.

Назира Жетигенова туулган күнүндө киного тартылып, күн бою ошол жакта болорун айтты.

"Туулган күнүмдү эң биринчилерден болуп түнкү саат он экиде улуу кызым куттуктады. Андан соң ырчы Салима Балтаева, Айгүл Чалова жана башка кесиптештеримдин, күйөрмандарымдын куттуктоосу орун алды. Таң эрте апам куттуктады.

Туулган күнүмдө Юрий Бобков орус-кыргыз кудалар туурасында тартып жаткан кинокомедияга тартылып жатам. Түнгө чейин ушул жакта болом. Кинодо жасалган дасторкон менин туулган күнүмө себепкер болуп, мага да жасалып жатат (күлүп).

Буга чейин туулган күндөрүмдө алтын, телефон жана башка белектерди алчумун. Быйылкы чоң белегим бриллиант шакек болду", - деди куудул айым.

24-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан