27-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде "Кайдагы сүйүү?" деп сыздаган эстрада ырчысы Фархат Кеңешбек уулу үлпөт тоюн өткөрдү. Тактап айтканда, Асема аттуу селкиге баш кошту. Келинчеги Асема банк кызматкери.
“Тойго 350 адам чакырылган. Толкундануу сезимдери болуп жатат”,- дейт ырчы.
Тойго аны дос-туугандары, жакындары куттуктап келишкен.
Тойдун видеоверсиясын SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.