Мекендешибиз Исламбек Орозбеков Улан-Батордо өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло байгеге ээ болду. Ал коло медаль үчүн болгон беттеште өзбекстандык Ихтийор Наврузовду 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Муну менен кыргыз балбаны улуттук курама команданын капчыгына он үчүнчү медалды алып келди.
Белгилей кетсек, Исламбек Орозбеков Азия чемпиондугундагы жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда түркмөнстандык Атамурат Чарлиевди 9:0 эсебинде утуп алган. Ал эми жарым финалда казакстандык Нуркожа Кайпановго 15:8 эсебинде жеңишти алдырып жиберген.