Азия чемпиондугу: Улуттук курама команданын капчыгында канча медаль бар?

Кыргыз балбандары Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда беттештерин жыйынтыктады. Бүгүн, 24-апрелде акыркы болуп эркин күрөш боюнча балбандар намыс талашты.

5 күнгө созулган ири турнирде улуттук курама команданын мүчөлөрү 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль менен бардыгы 14 медаль жеңип алды. Алар:

Грек-рим күрөшү:

Акжол Махмудов (77 килограмм) - алтын
Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) - алтын
Тынар Шаршенбеков (63 килограмм) - алтын

Адилхан Нурланбеков (72 килограмм) - коло
Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) - коло
Роман Ким (130 килограмм) - коло

Кыз-келиндер күрөшү:

Айпери Медет кызы (76 килограмм) - алтын

Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) - күмүш
Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) - күмүш

Эркин күрөш:

Эрназар Акматалиев (70 килограмм) - күмүш

Алмаз Сманбеков (57 килограмм) - коло
Улукбек Жолдошбеков (61 килограмм) - коло
Исламбек Орозбеков (74 килограмм) - коло
Арсалан Будажапов (79 килограмм) - коло

Эске салсак, Азия чемпиондугунда өлкө намысын 21 балбан коргоду. Азырынча мамлекеттер арасындагы медалдык рейтинг жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан