Бишкектин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемаларынын автору төш белгиси менен сыйланды

Бишкек шаарынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемаларынын автору Майрамкул Асаналиев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Министр сүрөтчүнүн өнөрканасына барып, таанышып кайтты.
"Агабыз учурда жасап жаткан ар бир эмгеги жүрөгү аркылуу өтөрүн айтып, кандай сырларды өзүнө камтыгандыгы тууралуу кенен ой бөлүштү. Алдыда биргеликте кыла турган иштер абдан арбын жана буга чейинки эмгектерин өз учурунда баалоо ниетинде "Маданияттын мыкты кызматери" төш белгисин тапшырдык", - дейт министр.
Белгилей кетсек, Майрамкул Асаналиев 1965-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Бишкектеги Чуйков атындагы Сүрөт академиясын бүтүргөн. 1998-жылы биринчи жолу жеке көргөзмөсүн жалпы калк кароосуна койгон.
Ал Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, "Эл Куту чебер" наамынын ээси, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан