Айсулуу Тыныбекованы казакстандык балбан кыз көтөргөн видео: Буга казакстандыктар кандай реакция жасады?

Улан-Батор шааарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында Айсулуу Тыныбекова бутунан жаракат алып, күмүш байгеге ээ болгон.

Андан кийин Айсулуу Тыныбекова социалдык тармак аркылуу күйөрмандарына кайрылып, финалдык беттештин чечүүчү мүнөтүндө алган жаракаты күрөштү улантууга тоскоол болгонун билдирген.

Көп өтпөй эле социалдык тармактарда казак балбаны Азия чемпиондугунун финалында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп жүргөн видео тараган. Бул видеого Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанда дагы көпчүлүк интернет колдонуучулар жылуу пикирлерин жазышууда.

Мындан улам казакстандык интернет колдонуучуларынын бул видео боюнча пикирлерин карап көрдүк:

"Ушундай жагымдуу жаңылыкты окуганда кадимкидей маанайым көтөрүлөт, карындашыбызга даңк!";

"Бул миң жеңиштен дагы артык";

"Ооба, абдан позитивдүү жаңылык, биз бир тууган элбиз жана талаша турган эч нерсебиз жок";

"Кыргыздар бизге бир тууган";

"О спорт, сен бир дүйнөсүң";

"Кандай гана азамат! Жаракат алганга жардам берүү эң чоң урматка татыктуу!".


Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан