Бишкекте жашы жете элек баланын iPhone`нун алып качып кеткенге шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 19 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран жабырлануучуга 30 миң сом зыян келтирген.

Маалым болгондой, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда жашы жете элек баласынын телефонун (iPhone 11) белгисиз адам бирөөгө чалып алайын деп сурап, качып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, 19 жаштагы жаран шектүү катары кармалды. Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин СИЗОго камакка алынды.

"Кармалган жарандын ушул сыяктуу 4 кылмыш ишине катыштыгы бар экени такталды", - дешет милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан