Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн түркиялык жаран Бишкектен кармалды

Бишкекте Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана Интерполдун кыргыз бюросунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Т.Э. аттуу Түркиянын жараны кармалып, убактылуу жкармоочу жайга киргизилген.

Кармалган жаран Казакстанда кылмыш жасап, качып кеткенге шектелип жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан