Таласта райондук электр тармактарынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтиришкен

Талас облустук прокуратурасы тарабынан "Түндүк электр" ишканасынын Манас райондук электр тармактарынын айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталды. Анын кесепетинен мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтирилген дешет Башкы прокуратурадан.

Белгилүү болгондой, Манас райондук электр тармактар ишканасынын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн накталай төлөмдөрдү "XENON" жана "IBS" базаларына киргизбей, каражаттарды өздөрүнө ыйгарып жүрүшкөн. Ал эми төлөмдөрдү бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган.

Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке 2 миллион 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

"Кылмышка шектүү катары "Түндүк электр" ишканасынын Манас РЭТинин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан