Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынан 45 жаштагы аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-апрелге караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынан белгисиз айдоочу унаасы менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, 1977-жылы туулган А.Ж. аттуу аялды коюп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Аял жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
"Аталган жол кырсыгы Өзгөн РИИБинде катталган. Издөө иш-чарасынын натыйжасында, 23-апрелде кылмышка шектелип Кара-Кулжа районунун 1962-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.