Алайда эртең менен жааган жамгырдан улам сел жүрдү

Ош облусунун Алай районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 25-апрелде эртең менен жамгыр жаады.
Жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак жана Биринчи Май айылдарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички чарбалык жолду каптаган. Тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан