Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде "Асман" шаары экологиялык таза шаар болорун, ал үчүн убакыт керектигин билдирди.
Анда мамлекет башчысына "Асман" шаары эмне болуп жатат? Ал ишке ашабы же токтодубу?" деген суроо берилди.
"Сөзсүз салынат. Убакыт керек. Түшүнгөн адамдарга ал шаардын келечеги кең. Экологиялык таза шаар болот. Көлгө эч бир зыяны тийбегидей кылып долбоорлоп жатышат. Кагаз иштери абдан кылдаттыкты жана көп убакытты талап кылат экен да. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу бүтсө, ал шаарга Фергана өрөөнүнөн 4 саатта жетип келсе болот. “Тамчы” аэропорту, темир жол жанында. Кара-Кечеден ары келечекте Макмалга темир жол жетет, буюрса. Кыскасы тогуз жолдун тоомундагы шаар болот. Бир үй салсаң деле эки-үч жылда саласың го. Анан эми 500 миң калкка эсептелип жаткан шаарды кантип эки-үч жылда баштап жибересиң. Сабыр кылып тургула. Буюрса, бир күнү ал шаар да башталып калат", - деп жооп берди Жапаров.
Январь айында "Асман" шаарын курууну Тимур Файзиев жетектей турганы кабарланган. 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда Тимур Файзиев 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштаганын билдирген. Бирок 13-апрелде Тимур Файзиевдин ордуна долбоордун автору Руслан Акматалиев жетекчи болуп дайындалганы кабарланган.