Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдында майыптар митинг өткөрүшөт. Бул туурасында 27-ноябрда КРнын Майыптар ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар жөлөк пулду көбөйтүү жана каралган жеңилдиктерди кайрып берүү талабы менен чыгышат. Бул акция 3-декабрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүн утурлай өткөрүлөт.